Жаңылыктар
Ж. Абдрахманов көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Ж. Абдрахманов көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылат


Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.
Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ж. Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин ачылат.



Ошондой эле, 25-июлда Чүй проспектисинин С. Ибраимов көчөсүнөн Т. Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.



Белгилей кетсек, Ж. Абдрахманов(Байтик баатыр) көчөсү А. Токомбаев проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Ал эми Чүй проспектисинде жол тилкеси Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин бир нече этап менен реаблитация болот.