Жаңылыктар
«Айчүрөк» соода борборунун ээси Габбазовго козголгон кылмыш иши токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
«Айчүрөк» соода борборунун ээси Габбазовго козголгон кылмыш иши токтотулду

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу  тобун каржылаган деп айыпталган «Айчүрөк» соода борборунун ээси Анвар Габбазовдун (Маметов) кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы  билдирди.

Маалыматка караганда, 16-июлда Габбазов  (Маметов) Кыргызстанга келип, тергөө иштерине активдүү катышып, бир катар  тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгы менен Анвар  Габбазовдун (Маметов) уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө жана каржылоосуна  катышы жоктугу аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши токтотулган.

Эске салсак, буга чейин УКМК  Анвар Габбазовго (Маметов) эл аралык издөө жарыялаган. Ага Уюшкан кылмыштуу  топторду каржылоо беренесинин негизинде сыртынан айып тагылган.