Жаңылыктар
Жарым жылда 70 миңден ашуун ымыркайга «балага сүйүнчү» берилди
Туризм
Жарым жылда 70 миңден ашуун ымыркайга «балага сүйүнчү» берилди

Ушул жылдын 1-июлуна карата 70 849 бала “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнүн өлчөмү ар бир бала үчүн 4000 сомду жана үч эм же андан көп төрөлгөн учурда ар бир бала үчүн 50 000 сомду түзөт.

Каржылоонун жалпы суммасы 284 499 миң сомду түздү.

"Эмгек министрлиги “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде берилиши керектигин эскертет. Каражаттар арыз берилгенден кийин 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке салынат",- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жаран акча каражаттарын РСК жана Айыл Банктын каалаган филиалынын кассасы аркылуу кайрылган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен алууга тийиш.