Жаңылыктар
Ысык-Көлдө мыйзамсыз менчиктештирилген 14,8 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө мыйзамсыз менчиктештирилген 14,8 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Каракол шаарындагы баасы 14,8 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Каракол шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, Каракол шаарында жайгашкан 2 275 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Шаардык прокуратура тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары тарабынан толугу менен канааттандырылып, 14 млн 850 миң 140 сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.