Жаңылыктар
Мэрия Бишкекке киргендерден төлөм алабы?
Кыргызстан жаңылыктары
Мэрия Бишкекке киргендерден төлөм алабы?

Бишкектин мэриясы башка облустардан жана чет жерден борбор калаага келген унаалардан жана туристтерден жыйым чогултууну коомдук талкууга койду.

Бул демилге 1-августтан тарта сыноо иретинде ишке ашырылат. Анын мөөнөтү 6 ай болот.

Унаасынын каттоосу башка облустарда болгондор (айдоочуну эсепке албагандаунаадагы орундуктар 8ден ашпаса Бишкекке кириш үчүн 50 сом, чет элдиктер 200 сом төлөйт. 

Орундуктар 8ден көп болсо,өлкө жарандары 100 сомчет өлкөлүктөр 1000 сом төлөйт

Акча шаарга кирип жатканда автоматтык система аркылуу чогултулатАлдын ала жыйым катары 100 миң сом төлөгөндөргө 30% жеңилдик берилет.

Ошондой эле борбор калаадагы мейманканада калган турист Бишкекте бир күндөн көп жүрсө, андан кийинки ар бир күн үчүн 50 сомдон жыйым төлөшү керек болот.