Олимпиадалык бирдиктүү форманын тарыхы 80 жылдан ашуун убакытка созулат. Ага чейин Олимпиаданын катышуучулары ар кандай форма менен чыгышкан. Эң алгач 1936-жылы Берлинде өткөн Жайкы Олимп оюндарында спортчуларды бирдей кийинтүү идеясы айтылган. Ошондон кийин Олимпиадага катышкан улуттук курамалар бирдиктүү формага өткөн.
Төмөндө ХХ-кылымдын эң саркеч формаларын карап чыгабыз.
Америка (1936-жыл)
Америкалык спортчулар 1936-жылы эле свитшотторду жакшы көрүшкөн, Олимпиада оюндарында алар “АКШ” деген жазуусу бар форма кийип чыгышкан.
Голландия (1936-жыл)
Голландиялык кыздар белине кур менен курчалган костюмдарды жана ачык түстөгү юбкаларды кийишкен. Бут кийимге да көңүл буруңуз: мисалы, америкалык айымдардан айырмаланып, бардык голландиялык аялдар бирдей бут кийим кийишкен.
СССР (1952-жыл)
1952-жылкы Олимпиадада СССРдин курама командасынын кийимдери америкалыктардын формаларынан эч кандай кем калган эмес. Спортчулар «СССР» деген жазуусу бар футболкаларды жана кенен шым кийип чыгышкан.
Япония (1964-жыл)
1964-жылы Япония бардыгын таң калтырган. Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде команда кызыл-ак түстөгү форма менен чыккан.
Великобритания (1968-жыл)
1968-жылы спортчу кыздар кыска аскердик стилдеги көйнөк, ал эми эркектер жарымы водолазка, куртка жана ак шым кийип чыгышкан. Дизайнер аксессуарларга өзгөчө көңүл бурган. Австралия (1972-жыл)
Мюнхен Олимпиадасында спортчулар саргыч түстөгү кыска көйнөктөрдү кийип чыгышкан. Баштарында өзгөчө баш кийим жана моюндарында жоолук болгон.
Франция (1976-жыл)
1976-жылы Олимп оюндарында Франциянын курама командасы кайрадан көк көйнөкчөн чыгышкан.
США (1980-жыл)
1980-жылдары АКШнын командасы биринчи жолу “Levi's” брендин кийип чыгышкан. Форманын жалпы баасы 1200 долларды түзгөн. Бул Олимпиадалык форма азыркыга чейин Американын тарыхындагы эң мыкты кийимдердин бири болуп эсептелет.
Канада (1992-жыл)
1992-жылы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышында Канада командасы ак түстөгү курткаларды кийген. Ошондой эле баштарына күмүш оймолор менен кооздолгон мех калпак кийип чыгышкан. Россия (1992-жыл)
1992-жылы Россия курама командасы көрүүчүлөрдү жарашыктуу, саркеч формалар менен таң калтырышкан. Спортчулар шым костюм, пальто жана шляпаларды кийип чыгышкан.