Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБи күз-кыш мезгилине даярданууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек ЖЭБи күз-кыш мезгилине даярданууда

Бишкек шаарын жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ЖЭБде пландык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, ЖЭБдин жабдуулары, имараттары жана курулмалары оңдолууда.

2024/2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн № 13, 15, 17, 20 жана № 19 отказан агрегаты, №3 жана №4 энергоблоктордо оңдоо иштери жүрүп жатат.

Турбиналык орнотмолор  боюнча 2024-жылы № 6, 9   турбиналык агрегаттарды капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылган жана № 5, 7, 8, 10 жалпысынан 4 турбоагрегатты оңдоо пландаштырылууда.