Жаңылыктар
Олимпиадага барган спортчуларга төлөнчү сый акыга киреше салыгы салынбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Олимпиадага барган спортчуларга төлөнчү сый акыга киреше салыгы салынбайт

Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди.

Анда Салык кодексинде спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акыларга киреше салыгы салынбай тургандыгы тууралуу ченем каралган.

Тиешелүү Мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.