Жаңылыктар
Салык салуу жана соцкамсыздандыруу чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Салык салуу жана соцкамсыздандыруу чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты ири чет элдик капиталды жана эл аралык финансылык институттарды тартуу үчүн экономиканы андан ары либералдаштыруу, ошондой эле жергиликтүү ишкерлердин тышкы рынокторго чыгуусу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, Салык кодексининде спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акыларга киреше салыгы салынбай тургандыгы тууралуу ченем каралган.

Салык кодексинин 197-беренеси угуу боюнча III топтогу майыптыгы бар кызматкерлерден киреше салыгы 5 пайыз өлчөмүндө алынары тууралуу ченем менен толукталат.

Салык кодексинин 240-беренесинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүдөн түшкөн пайдага, кирешелерге 3 пайыз өлчөмүндө салык салуу каралган.

Салык кодексинин 296-беренесинде Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъекттерге спортту өнүктүрүүгө багытталган товарларды берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналары белгиленет.

Салык кодексинин 364-беренесинде төмөнкүлөр каралат:
– баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификатталган ата мекендик уюм болуп саналган аффинаждык ишкана тарабынан аффинаждалган, алтындан жана/же күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды сатуу сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат;
– Министрлер кабинета тарабынан аныкталуучу субъект тарабынан сатылуучу спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлар сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” КР мыйзамында спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акыларга камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбей тургандыгы тууралуу ченем каралган.

Мындан тышкары Мыйзамда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүү каралган, мында:
– 2,25 % – иш берүүчү төлөйт;
– 10 % – кызматкер төлөйт;

Ошону менен бирге, мыйзамга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендерин төмөндөтүү төмөнкү категориялар үчүн жайылтылбайт:
– мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга;
– жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен ишканаларына;
– электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана газ менен камсыз кылуу (жабдуу) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга;
– алкоголдук, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жана/же импорттоону жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине, буга Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарына ылайык аталган ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар мунайзаттарды өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер кирбейт (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү);
– уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу субъекттерге;
– интернет-провайдерлерге;
– коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелер.

Ошол эле учурда, мыйзамда камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн кирешелердин тобокелдигин азайтуу боюнча административдик чаралардын комплекси каралган. Алардын бири жалданган кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин жүргүзүү боюнча иш берүүчүнүн милдети болуп жана анда жалданма кызматкерлер болуп эсептелген жана аны менен эмгектик мамилелерде болгон жеке жактар боюнча актуалдуу маалыматтарды камсыз кылуу саналат. Жалданган кызматкерлердин салык агентинин реестри салык төлөөчү тарабынан киреше салыгы боюнча отчет берүүдө колдонулат.