Жаңылыктар
Селден жабыркагандар насыя төлөө боюнча жеңилдиктерди ала алат
Кыргызстан жаңылыктары
Селден жабыркагандар насыя төлөө боюнча жеңилдиктерди ала алат

Селдин кесепетинен жабыркагандар насыяны реструктуризациялоого жана колдонуудагы насыялык келишимдин шарттарын өзгөртүүгө укуктуу. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Селден жабыркаган жарандар насыяларды төлөө шарттарын жеңилдетүү зарылдыгы жөнүндө арыз менен карыз алган банкына кайрылууга тийиш.   

Улуттук банк бардык финансы-кредит уюмдарын селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүүгө, алардын арызын артыкчылыктуу тартипте кароого жана кредиттик келишимдин шарттарын (пайыздык ченди жана/же кредиттин мөөнөтүн өзгөртүү ж.б.) жеке тартипте кароого чакырды.