Жаңылыктар
Эртеңден баштап Горький көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Эртеңден баштап Горький көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  25-июлдан тарта М.Горький көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Анын биринчи этабында Горький көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.

Белгилей кетсек, М.Горький көчөсү Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдолот.