Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн

25-июлдан 29-июлга чейин абанын температурасы жогорулайт. Ага байланыштуу нөшөрлүү жаан жаап, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селден  коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет:


- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;

- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.