Жаңылыктар
Кыргызстан менен Өзбекстандын Президенттери телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Өзбекстандын Президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, көөнөрбөс энергия жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады. 

Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашты.

Бул контекстте тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жакында Өзбекстан Республикасына жасаган ийгиликтүү мамлекеттик сапарын, анын жыйынтыгы достук жана өз ара аракеттенүү мамилелерин мындан ары чыңдоого жаңы дем берерин белгилешти.