Жаңылыктар
Садыр Жапаров Олимпиаданын расмий ачылыш аземине катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Олимпиаданын расмий ачылыш аземине катышат

Президент Садыр Жапаров Франция Республикасынын Президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапар менен барат.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыда боло турган сапардын алкагында 25-июлда Президент Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу пландалган.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт.

26-июлда Президент Садыр Жапаров XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.