Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Парижге жөнөп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Парижге жөнөп кетти

 

Бүгүн  Президент Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий  ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттин  басма сөз кызматы билдирди.

 

Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт.