Жаңылыктар
Кыргызстанда Аталар жана Энелер күнү белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда Аталар жана Энелер күнү белгиленет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Кабыл алынган Мыйзам менен жыл сайын белгиленүүчү Аталар күнү (15-март) жана Энелер күнү (майдын үчүнчү жекшембиси) белгиленет.

 

Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.