Жаңылыктар
Мугалимдер 187 миң сомго чейин эмгек өргүү алышты
Кыргызстан жаңылыктары
Мугалимдер 187 миң сомго чейин эмгек өргүү алышты

Ысык-Ата районунун мугалимдеринин жайкы эмгек өргүүсү Кара-Деңизге чейин эс алып келүүгө жетсе, Ат-Башы районунун мугалимдери 187 миң сомго чейин эмгек өргүү алышкан. Бул тууралуу КР Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, эң көп эмгек өргүү алган мугалим Ат-Башы районунда директордун орун басары.

«Ысык-Ата районундагы мектеп мугалимдерине жайкы эмгек өргүүсү үчүн тийген акчасы Кара-Деңизге чейин эс алып келүүгө жетип калганын айтышты. Айрымдары Ысык-Көлгө, курортторго барууну тандашкан.

Мугалимдердин эмгек өргүүсү үчүн алган акчасы эмгек тажрыйбасына карап 45 миң сомдон 143 миң сомго чейин алышкан.

Кыргызстанда эң көп эмгек өргүү алган мугалим Ат-Башы районунда директордун орун басары. Ага айлыгы менен кошулуп 187 000 сом колуна тийген», - деп жазган Орунбеков.