Жаңылыктар
Президент Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге барды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге барды

Президент Садыр Жапаров XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге барды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге (Франция Республикасы) барды.

Мамлекет башчынын борту “Ле Бурже” эл аралык аэропортуна конду.

Эске салсак, сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.