Жаңылыктар
Сасык тумоого чалдыккандар көбөйдү
Ден соолук
Сасык тумоого чалдыккандар көбөйдү

Борбор калаада сасык тумоо оорусу боюнча абал эпидемиологиялык чекке жетейин деп калды. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык эпидемиологиялык көзөмөл борборундагы ,оорулардын алдын -алуу департаментинин жетекчиси Артур Буюклянов билдирди. 

Анын айтымында, октябрь айынан бери сасык тумоого кабылгандардын саны 10 миң 800гө жакындаган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 15 пайызга көп. Оорулардын санынын өсүүсү айрыкча ноябрь айынын ортосунда күч алды. 

Сасык тумоого кабылгандардын басымдуу бөлүгү жаш балдар, бул жалпы ооругандардын 66 пайызын түзгөн. 

Анын ичинен 42 пайызы 4 жашка чейинки бөбөктөр.Суук түшкөндөн бери 1300гө жакын адам сасык тумоо оорусу менен стационардык дарыланууга жаткырылды. Дарыгерлер,ата-энелерди балдардын ден-соолугуна жакшылап кам көрүүгө чакырууда.