Жаңылыктар
Айпери Медет кызы тууралуу кызыктуу фактылар
Спорт
Айпери Медет кызы тууралуу кызыктуу фактылар

1999-жылы 30-мартта Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган.

Атасы Медет Мамырбаев дыйкан чарбасы менен алектенет.

Апасы Салтанат Осмонова орус  тили боюнча мугалим.

Айпери — беш бир туугандын үчүнчүсү.Бою 173, салмагы 76 кг

Балбан кыз 14 жашынан тартып спорт менен машыга баштаган.

2005-2014-жылдары Бакай-Ата районунун 1-май айылындагы Токтогул Чогушев атындагы орто мектепте 9-класска чейин окуган.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин графикалык-дизайн факультетинде окуган.

Машыктыруучусу Нурбек Изабеков, насаатчысы Кыргыз Республикасынын дин эмгек сиңирген спортчусу Айсулуу Тыныбекова.Жайкы Азия оюндарынын алтын медалынын ээси;

Азия чемпионатынын алтын медалынын эки жолку ээси;

Ислам шериктештик оюндарынын алтын медалынын ээси;

Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси.