Жаңылыктар
Олимпиада-2024: Кыргызстандын беш спортчусу Парижге барды
Кыргызстан жаңылыктары
Олимпиада-2024: Кыргызстандын беш спортчусу Парижге барды

Париж Олимпиадасына катышуу үчүн Кыргызстандын беш спортчусу Парижге учуп барды.

Өлкөнүн курама командасынын башкы машыктыруучусу Евгений Петрашовдун жетекчилиги менен Францияга биринчилерден болуп сууда сүзүүчүлөр Денис Петрашов менен Елизавета Печерских барган.

Андан соң мушкер Мунарбек Сейитбек уулу башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен Парижге учуп барды.

25-июлда дзюдочулар Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов жана улук машыктыруучу Сергей Кладнов менен Францияга учушкан.

Алгачкылардан болуп эртең, 27-июлда Денис Петрашов 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүп, мелдештерге жол баштап бермекчи.

Ал эми балбандар болсо Парижге 1-августта учушат. Жөө күлүк Сардана Трофимова 11-августта марафондук жарышка катышат.