Жаңылыктар
Олимпиаданын ачылыш аземи саат 23:30да УТРК, УТРК СПОРТ каналында
Кыргызстан жаңылыктары
Олимпиаданын ачылыш аземи саат 23:30да УТРК, УТРК СПОРТ каналында

Бүгүн, 26-июлда Франциянын борбору Париж шаарында XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземи болот. Иш-чара Бишкек убактысы боюнча саат 23:30да башталат. Ири мелдеш УТРК жана УТРК СПОРТ телеканалдарында түз эфирде көрсөтүлөт.

Оюндар 26-июлдан 11-августка чейин уланат. Париж Олимпиадасында 206 өлкөнүн он миңден ашык спортчусу 32 түрдүү мелдеште күч сынайт.

Кыргызстандан 16 спортчу спорттун беш түрү: күрөш, бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча ат салышат. 

Олимпиаданын ачылыш аземи деңиз үстүндө өткөнү менен өзгөчөлөнөт. Ага үч миңден ашык актер, музыкант жана бийчилер катышат. 200дөн ашуун өлкөнүн 10 500 спортчусу параддан Сена дарыясы аркылуу 100гө жакын кайык менен сүзүп өтүшөт.

Иш-чарага 120 өлкөнүн башчылары менен бирге Президент Садыр Жапаров да катышат.

Салтанаттын коопсуздугун 45 миңдей полиция кызматкери сактайт. 18 миңден ашык аскер кызматкерлери көмөктөшөт.

Ири мелдешке спорттун 45 түрү киргизилип, таймаш 39 жерде өтөт. Байгеге 300дөн ашык медаль коюлган.

Салтанатты дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллиардга жакын телекөрүүчү көрө алышат.

Кыргызстан ачылыш аземдин жүрүшүндө параддан 98-болуп өтөт. Мамлекеттик тууну дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат.

11-августта Париж Олимпиадасы аяктап, андан кийин Паралимпиада оюндары башталат. Ал 28-августтан 8-сентябрга чейин уланат. 182 өлкөдөн 4 400дөй спортчу катышып, 549 комплект медаль үчүн ат салышат.