Жаңылыктар
Кореялык Лим Си Хён Олимпиадада жаа атуу боюнча дүйнөлүк рекорд койду
Спорт
Кореялык Лим Си Хён Олимпиадада жаа атуу боюнча дүйнөлүк рекорд койду

Түштүк кореялык Лим Си Хён Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарында жаа атуу боюнча жаңы дүйнөлүк рекорд койду.

21 жаштагы спортчу мүмкүн болгон 720 упайдан 694 упай топтогон, квалификацияны жеңип алды. Ал муну менен 2019-жылы 692 упай топтогон мекендеши Кан Чэ Ёндун рекордун жаңылады.

Бул Париждеги оюндарда коюлган биринчи дүйнөлүк рекорд.

Дүйнөлүк рейтингде экинчи орунда турган Ли Си Хён 2023-жылы командалык мелдеште дүйнө чемпиону болгон. Париж анын дебюттук Олимпиадасы.