Жаңылыктар
Кара-Суунун акими мыйзамсыз жер берүүгө катыштыгы бар экени аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Суунун акими мыйзамсыз жер берүүгө катыштыгы бар экени аныкталды

Кара-Суу районунун акими ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган акимдин Ынтымак айыл аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө жана бөлүштүрүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Ошондой эле аким айыл өкмөт башчысына коргоп жана жардам көрсөткөндүгү үчүн андан ири өлчөмдөгү каражат алганы белгилүү болду.

Учурда аким кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ош шаардык соту тарабынан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө баш коргоо чарасын тандаган.