Жаңылыктар
Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандар 8 эсеге көбөйдү
Ден соолук
Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандар 8 эсеге көбөйдү

Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата өкмөттүк эмес уюмдар мамлекетти жана коомчулукту ВИЧ дартынын жайылыш абалына көңүл бурууга чакырды. 

Анткени акыркы 10 жылда бул дарт 8 эсеге өскөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 8000ден ашык ВИЧ оорусун жуктурган жарандар жашайт. Алардын көбү айыккыс бул дарттын вирусун жыныстык катнаш аркылуу жуктурушкан. 

Бул тууралуу өкмөттүк эмес уюмдар журналисттерге берген маалымат жыйынында айтышты.

Кошумчалай кетсек, 1988-жылдан тарта 1-декабрда Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү белгиленип келет.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Фото: Усубалы Мамбетов