Жаңылыктар
Олимпиада салтанаты өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Олимпиада салтанаты өтүүдө

Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болууда.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах эл менен учурашты.

Салт болуп калгандай, Греция эң биринчилерден болуп параддан өттү. Иш-чара 4 саатка созулары күтүлүүдө.

Салтанат башталардан мурун Парижде жаан жаап, парад учурунда да токтогон жок.
Ачылыш аземде өлкөнүн желегин Азия чемпиону, дзюдочу Эрлан Шеров жана Сууда сүзүү боюнча Эл аралык даражадагы спорт чебери көтөрүп чыгат.

Иш-чарага 120 өлкөнүн башчылары менен бирге Президент Садыр Жапаров да катышууда.

Эске салсак, мелдештер 26-июлдан 11-августка чейин уланат.

Ачылыш аземин УТРК жана УТРК СПОРТ, Ала Тоо 24 телеканалдары түз эфирде көрсөтүүдө.