Жаңылыктар
Бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарышка чыгат
Сууда сүзүү
Бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарышка чыгат

Бүгүн, 27-июлда кыргызстандык суучул Денис Петрашов Олимпиада оюндарында сууда сүзүү боюнча 100 метрлик дистанцияда брасс стилинде жарышка түшөт.

Сууда сүзүү боюнча олимпиадалык дистанциялык жарыштар 27-июль күнү Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

100 метрлик дистанция боюнча жарыштардын жарым финалы ошол эле түнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:15те старт алат.

Ал эми финалдык жарыштар 29-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:50дөн баштап старт алат.

Олимпиада оюндарын УТРК СПОРТ телеканалында түз эфирде көрүңүздөр!