Жаңылыктар
Эдил Байсалов: "2024-жылы 20 миң үй-бүлөнү колдоо үчүн бюджеттен 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн"
Кыргызстан жаңылыктары
Эдил Байсалов: "2024-жылы 20 миң үй-бүлөнү колдоо үчүн бюджеттен 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн"

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиясы болуп өттү.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова, ошондой эле министрликтин борбордук аппаратынын, облустук башкармалыктардын жана ведомстволук мекемелердин өкүлдөрү катышты.


Жыйындын жүрүшүндө социалдык коргоо, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграциялык саясат жаатындагы иштердин жыйынтыгы каралды.


МинКаб Төрагасынын орун басары министрликтин 2022-2023-жылдарга “Социалдык контракт” программасын ишке ашыруудагы жетишкендиктерине токтолуп, 2024-жылы 20 миң үй-бүлөнү колдоо үчүн республикалык бюджеттен 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн белгиледи.


“Министрликтин негизги милдети жумуш орундарын түзүү, калктын иш менен камсыз болушун жогорулатуу, квалификациясын жана жөндөмүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек тартибин чыңдоо болуп саналат. Азыркы өкмөт өзүнүн приоритети катары тышкы миграцияны көбөйтүү эмес, тескерисинче, өлкө ичинде жумуш орундарын түзүп, эмгекчил жана жаштардын потенциалын толук ишке ашырууну көздөп жатат. Ушуга байланыштуу тышкы миграцияга негизги көңүл бурулган соңку 15-20 жыл ичинде биз өнүктүргөн басымды кайра карап чыгууга жана инерцияны өзгөртүүгө мезгил жетти. Министрликтин алдында таптакыр жаңы милдеттер турат”, - деп белгиледи Эдил Байсалов.