Жаңылыктар
Олимпиада – 2024: Алгачкы 14 медаль топтому ойнотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Олимпиада – 2024: Алгачкы 14 медаль топтому ойнотулат

Бүгүн, 27-июлда Париждеги Олимпиада оюндарында алгачкы 14 медаль топтому ойнотулат. Спорттун 8 түрү: ок атуу, сууга секирүү, велоспорт, дзюдо, сууда сүзүү, фехтование, скейтбординг жана регби боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

Ошондой эле бул күнү топтук мелдештер да старт алат. Алар спорттун төмөнкү түрлөрүн камтыйт: волейбол, гандбол, чөп үстүндөгү хоккей, суудагы поло, теннис жана пляждагы волейбол. Мындан сырткары, 24-июлда башталган футбол боюнча мелдештер уланат.

Сүрөт: Фото AFP