Жаңылыктар
Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулунун атаандашы тууралуу билесизби?
Дзюдо
Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулунун атаандашы тууралуу билесизби?

Эртең, 28-июлда Олимпиада оюндарында Кыргызстандын дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу украиналык Богдан Ядов менен беттешет.

Алар 66 кг чейинки салмак категориясында 1/16 финалда күрөшөт. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Кыргызстандык спортчу килемге тогузунчу жупта чыгат.

Атаандашы 27 жаштагы Богдан Ядов Эл аралык дзюдо федерациясынын версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 15-орунда турат.

Ал 2022-жылда Европа чемпиону, 2023-жылы Парижде өткөн “Чоң шлем” турниринин жеңүүчүсү. 2014-жылы Кытайдагы жаштар Олимпиадалык оюндарында финалга чыгып, күмүш медаль уткан.

Ядов карьерасында эки жолу кыргызстандык спортчулар менен күрөшүп, экөөндө тең жеңип чыккан. 2014-жылы Алтынбек Алмаз уулу менен жаштар арасындашы Дүйнө чемпионатында, 2019-жылы Тель-Авивдеги Гран-при турниринде Руслан Турсуналиев менен беттешкен.

Айбек уулу жана Ядов буга чейин бири-бири менен күч сынашкан эмес.