Жаңылыктар
Казакстандык дзюдочу Елдос Сметов алтын медаль тагынды
Спорт
Казакстандык дзюдочу Елдос Сметов алтын медаль тагынды

Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиадада Казакстандык дзюдочу Елдос Сметов алтын медаль тагынды.

Елдос Сметов 60 килограммга чейинки салмак ченинде финалга чыкты. Чечүүчү беттеште 31 жаштагы Сметов француз спортчусу Лука Мхеидзени жеңип алды.

Жарым финалдык беттеште казакстандык, дүйнөнүн учурдагы чемпиону, Европанын үч жолку чемпиону Франсиско Гарригосту жеңди.

Жарым финалга чыгуу жолунда Сметов голландиялык Торнике Чакадуаны, украиналык Дилшот Халматовду жана Тайвандык спортчу Юн Вей Янгды жеңди.

Елдос Сметов үчүн Париждеги Олимпиада үчүнчү болуп саналат. Дзюдочу Рио-де-Жанейродо күмүш, Токио оюндарында коло медаль тагынган.

Сүрөт: 2024 Getty Images