Жаңылыктар
Бир монета 5580 сом. Улуттук банк «Ат чабыш» күмүш монетасын чыгарат
Кыргызстан жаңылыктары
Бир монета 5580 сом. Улуттук банк «Ат чабыш» күмүш монетасын чыгарат

Улуттук банк 1-августтан тартып «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясындагы «Ат чабыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.

Маалым болгондой, бул монета 8-сентябрдан тартып 14-сентябрга чейин Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат.

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары така түрүндө салынган ат майданынын фонунда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Алдыңкы бетинин жогору жагында “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” эмблемасы жана монетанын “Ат чабыш” (At Chabysh) деген аталышы, ошондой эле монетанын номиналы (10 сом) түшүрүлгөн.

Арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү, ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, монетанын жогору жана төмөн жагында “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” (World Nomad Games) деген жазуу түшүрүлгөн.

Ал эми сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген.

«Ат чабыш» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.  

Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында  

5 580 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.