Жаңылыктар
Олимпиада оюндарында өзбекстандык дзюдочу Диёра Келдиёрова атаандашын ыйлатты
Спорт
Олимпиада оюндарында өзбекстандык дзюдочу Диёра Келдиёрова атаандашын ыйлатты

Япониялык дзюдочу, Токио Олимпиадасынын чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, 2019-жылдан бери дзюдо боюнча дүйнөнүн бир да мелдешинде жеңилип көрбөгөн Ута Абэ өзбекстандык дзюдочу Диёра Келдиёровага жеңилип калып, ыйлады. 

50 килограммга чейинки салмак ченинде Ута Абэ Диёра Келдиёрованын 1/8 финалында алгачкы атаандашы болду.  

Ал эми 2023-жылдын май айында Катардын борборунда өткөн Дүйнө чемпиондугунда Диёра Келдиёрова финалда япониялык спортчу Ута Абеге  утулуп, күмүш медаль тагынган.