Жаңылыктар
Кыргызстандык окуучу программалоо боюнча Европа Олимпиадасында коло медаль тагынды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык окуучу программалоо боюнча Европа Олимпиадасында коло медаль тагынды

Программалоо боюнча кыздардын арасында Европа Олимпиадасында Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева коло медаль утту. Ал эми Е.Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 11-классынын окуучусу Варвара Глинова катышуу сертификатын алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Европалык олимпиада (European Girls' Olympiad in Informatics) 21-июлдан 27-июлга чейин өткөн. Ага 50дөн ашык өлкөдөн 194 окуучу кыздар катышкан.

Кыргыз курама командасынын жетекчилери №61 окуу комплексинин информатика боюнча Олимпиада машыктыруучусу Артем Беляев жана "Сапат" Олимпиада борборунун информатика боюнча машыктыруучусу Кылычбек Урайымов.