Жаңылыктар
Абитуриент-2024: ЖОЖдорго кабыл алуунун III туру башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Абитуриент-2024: ЖОЖдорго кабыл алуунун III туру башталды

Бүгүн, 29-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 3-туруна арыздарды кабыл алуу башталды. Арыздарды кабыл алуу 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

ЖОЖдорго кабыл алуунун I жана II турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга – 16 миң 402, контрактык негизде окууга – 28 миң 36 талон түштү.

II турдун жыйынтыгы менен ЖОЖдорго 20 миң 342 абитурент кабыл алынды.

Ушул тапта эң көп абитуриент кабыл алынган ЖОЖдор:

1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 3552,

2. Ош мамлекеттик университети – 2951,

3. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 2565,

4. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 1502,

5. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 1470,

6. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 1380,

7. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 836.