Жаңылыктар
Бишкектин башкы планы япониялык компания менен биргеликте иштелип чыгат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин башкы планы япониялык компания менен биргеликте иштелип чыгат

Япониянын атактуу «Nikken Sekkei Ltd» архитектуралык компаниясынын адистери тарабынан Бишкек шаарынын башкы планын талдоо боюнча иштер активдүү улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Япониянын «Nikken Sekkei Ltd» компаниясынын президенти Рюичи Кизуми шаар куруу жана архитектура жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан.

Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев жана анын биринчи орун басары Азирет Акимовдун жетекчилиги астында «Бишкекбашкыархитектура» МИнын жыйындар залында Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча онлайн талкуу өттү. Анда негизги басым шаардын транспорт системасына бурулду.