Жаңылыктар
Олимпиада медалдарына Эйфель мунарасынын 18 граммы камтылган
Спорт
Олимпиада медалдарына Эйфель мунарасынын 18 граммы камтылган

Париждеги Олимпиада оюндарында 329 комплект медаль ойнотулат.

Алтын байгенин салмагы 529 грамм, күмүштүкү – 525 болсо, коло медаль 455 граммга жетет.

Жалпысынан оюндар үчүн 5084 медаль жасалган.

Париж-2024 мелдешинде берилүүчү медалдар мурункулардан өзгөчөлөнүп турат.

Күмүш жана коло медалдарынын ар биринде Эйфель мунарасынын металлынан 18 грамм кошулган.

Алар бир канча ирет реконструкцияланган мунарадан алынган металлдар.

Ал эми Паралимпиада оюндарынын медалындагы “Париж” жана “2024” жазуулары азиздер үчүн Брайл шрифти менен жазылган.