Жаңылыктар
Минкабдын төрагасынын орун басарлары аймактарда эл менен жолугат
Кыргызстан жаңылыктары
Минкабдын төрагасынын орун басарлары аймактарда эл менен жолугат

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. 

Топтун курамында элдин суроосуна жооп берип, айрым маселелерди жеринде чече турган тиешелүү жетекчилер, кызматкерлер да болот.

Ош, Жалал-Абад облустарына Бакыт Төрөбаев, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарына Адылбек Касымалиев, Баткен облусуна Эдиль Байсалов барат.

 
Жолугушуулардын орду жана убактысы тууралуу маалымат төмөндө:

                                                                                БАТКЕН ОБЛУСУ

Лейлек району жана Сүлүктү шаарында 1-августка белгиленген жолугушуу, саат 10:00дө Раззаков шаарындагы Маданият үйүндө болот.

Баткен району жана Баткен шаарындагы жолугушуу 1-августта, саат 16:00дө А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өтөт.

Кадамжай районундагы жолугушуу 2-августта Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүндө, саат 10:00гө коюлду.

Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 2-августта, саат 14:00гө шаардык мэриянын жыйындар залына келсеңиздер болот.


                                                                                 ТАЛАС ОБЛУСУ

Талас шаары, Талас жана Бакай-Ата райондору боюнча жолугушуу 1-августта 10:00дө Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында өтөт.

Айтматов жана Манас райондору боюнча жолугушуу 1-августта 15:00дө Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы “Семетей” кинотеатрында болот.


                                                                                   ОШ ОБЛУСУ

Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушуу Даарот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө, 5-августта саат 10:00гө коюлду.

Алай районундагы жолугушуу 5-августта, саат 15:00дө Маданият үйүндө болот.

Кара-Кулжа районундагы эл менен болгон жолугушуу 6-августта Р.Абдыкадыров атындагы Маданият үйүндө саат 10:00дө өтөт.

Өзгөн районунун тургундары 6-августта, саат 16:00дө райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залына келесиздер.

Ноокат району дагы 7-августта, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саат 10:00гө белгиленди.

Араван районундагы жолугушуу 7-августка белгиленди, өтө турган дареги райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында, саат 15:00дө.

Кара-Суу районундагы жолугушуу 8-августта, саат 10:00дө райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Ош шаарындагы жолугушуу 7-августта 18:00дө С.Ибраимов атындагы драмалык театрында өтөт.


                                                                               НАРЫН ОБЛУСУ

Кочкор районундагы жолугушуу 5-августта Ж.Абдыкалыков атындагы райондук маданият үйүндө 10:00дө өтөт.

Жумгал району боюнча жолугушуу 5-августта Чаек айылындагы “Соң-Көл” кинотеатрында 15:00дө башталат.

Нарын шаары жана Нарын району боюнча жолугушуу 6-августта Нарын шаарындагы облустук драма театрында 10:00дө башталат.

Ат-Башы району боюнча жолугушуу 6-августта 15:00дө “Чатыр-Көл” кинотеатрында болот.

Ак-Талаа району боюнча жолугушуу 7-августта 10:00дө Баетов айылындагы райондук маданият үйүндө өтөт.

Тогуз-Торо району боюнча жолугушуу 8-августта 10:00дө райондук маданият үйүндө өтөт.


                                                                               ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ

Балыкчы шаары боюнча жолугушуу 9-августта 10:00дө Э.Дубанаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында өтөт.

Ысык-Көл району боюнча жолугушуу 9-августта 15:00дө Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин жыйындар залында болот.

Түп району боюнча жолугушуу 12-августта Түп айылындагы Х.Карасаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында саат 10:00дө башталат.

Каракол шаары, Ак-Суу району боюнча жолугушуу 12-августта 15:00дө Каракол шаарындагы облустук музыкалык драма театрынын жыйындар залында өтөт.

Жети-Өгүз району боюнча жолугушуу 13-августта Кызыл-Суу айылындагы маданият үйүнүн жыйындар залында 10:00дө болот.

Тоң району боюнча жолугушуу 13-августта 15:00дө Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.


                                                                              ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ

Токтогул районундагы жолугушуу 12-августта А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө 10:00дө башталат.

Кара-Көл шаарындагы жолугушуу 12-августта 16:00дө Энергетик атындагы маданият үйүндө болот.

Таш-Көмүр шаарындагы жолугушуу 13-августта саат 10:00дө шаардык маданият үйүндө өтөт.

Аксы району боюнча жолугушуу 13-августта Кербен шаарындагы А.Алымов атындагы маданият үйүндө 16:00дө башталат.

Чаткал районундагы жолугушуу 14-августта 09:00дө Ч.Айтматов атындагы маданият үйүндө өткөрүлөт.

Ала-Бука районундагы жолугушуу 14-августта Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 16:00дө башталат.

Майлуу-Суу шаарындагы жолугушуу 15-августта шаардык маданият үйүндө 10:00гө белгиленди.

Ноокен районундагы жолугушуу 15-августта 15:00дө Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Базар-Коргон районундагы жолугушуу 16-августта Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 10:00дө өтөт.

Сузак районундагы жолугушуу 16-августта 15:00дө Сузак райондук райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Жалал-Абад шаарындагы жолугушуу 17-августта облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында 10:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы жолугушуу Нарын облусуна барганда уюштурулат.


                                                                                 ЧҮЙ ОБЛУСУ

Кемин району боюнча жолугушуу 19-августта 10:00дө Кемин шаардык маданият үйүндө болот.

Токмок шаары, Чүй району боюнча жолугушуу 19-августта 15:00дө Токмок шаардык мэриясынын жыйындар залында өтөт.

Ысык-Ата району боюнча жолугушуу 20-августта 10:00дө Кант шаардык маданият үйүндө болот.

Аламүдүн району боюнча жолугушуу 20-августта 15:00дө Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Сокулук району боюнча жолугушуу 21-августта 10:00дө Шопоков шаардык маданият үйүндө өтөт.

Москва району боюнча жолугушуу 21-августта 15:00дө Москва райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Жайыл району, Кара-Балта шаары боюнча жолугушуу 22-августта 10:00дө Кара-Балта шаардык маданият үйүндө өтөт.

Панфилов району боюнча жолугушуу 22-августта 15:00дө Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Бишкек шаары боюнча жолугушуу 2-августта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында саат 10:00дө башталат.