30-31-июль күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу жогору болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин маалыматына ылайык, төмөнкү аймактарда:
– Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда,
– Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Торо райондорунда,
– Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван жана Кара-Суу райондорунда,
– Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда,
– Чүй облусунун Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда,
– Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор райондорунда,
– Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Ал эми өлкөнүн унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
- Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
- Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдарында;
- Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;
- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
- Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
- Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;
- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.
“Жарандарды жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Кырсыкка кабылганда "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз”,-деп жазылат маалыматта.