Жаңылыктар
Диёра Келдиёрова өзбекстандыктардан Ута Абэге терс пикир жазбоону суранды
Спорт
Диёра Келдиёрова өзбекстандыктардан Ута Абэге терс пикир жазбоону суранды

Дзюдо боюнча Олимпиада чемпиону Диёра Келдиёрова өзбекстандыктарды атаандашы Ута Абэнин дарегине кемсинткен сөздөрдү жазууну токтотуп, баарына урмат көрсөтүүнү суранды.

“Мен бардык көрүүчүлөрдөн, ким болбосун, баарына терең урмат көрсөтүүнү суранам. Бул албетте спорт, бизди бириктирген күч! Биз дзюдо менен машыккан үй-бүлөбүз, токтоткула. Менин оюмча, дзюдодо адамды тарбиялаган эң негизги нерсе – бул сый-урмат”,-дейт Келдиёрова.

Ал эми беш жылдан бери утулбай келген япониялык спортчу Келдиёровадан жеңилип калгандан кийин эмнеге ыйлаганын буга чейин айтып берген.

“Мен жеңилип калганда, кармана албай калдым, анткени Олимпиада үчүн көп нерсе жасагам”, — дейт Ута Абэ.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын май айында Катардын борборунда өткөн Дүйнө чемпиондугунда Диёра Келдиёрова финалда япониялык спортчу Ута Абеге утулуп, күмүш медаль тагынган.