Жаңылыктар
Эттин баасы кайсы аймакта жогору?
Кыргызстан жаңылыктары
Эттин баасы кайсы аймакта жогору?

Өлкөдө уй эти Бишкекте эң кымбат болсо, койдун эти Өзгөндө жогору экенин Улуттук статистика комитети билдирди. 

Июль айында уйдун этинин килограммы орто эсеп менен 559 сомду түздү.   

Бишкекте уй этинин бир килограммы 586 сом болсо, Нарында 580 сом.

Ал эми кой этинин бир килограмм баасы орто эсеп менен 571 сом болууда. Эң жогорку нарк Өзгөндө болуп, 620 сомго жеткен.

Андан кийинки эле орунда Жалал-Абад, Раззаков, Баткен, Кара-Суу, Ноокат жана Ош шаарлары турат. Ал аймактарда бир килограмм койдун эти 600 сом.

Июль айында орточо эсеп менен жылкы этинин бир килограммы 500 сом болду. Токмокто 540, Бишкекте 402 сомдон сатылууда.