Жаңылыктар
Сена дарыясы булганып, триатлон турнири жылдырылды
Спорт
Сена дарыясы булганып, триатлон турнири жылдырылды

Париж Олимпиадасынын уюштуруучулары Сена дарыясында өтө турган триатлон боюнча мелдешти кийинкиге жылдырды.

Бул тууралуу Эл аралык триатлон биримдигинин сайтында маалымдалды.

Бир күн мурун нөшөрлөгөн жамгырдан кийин суунун сапаты начарлап кеткендиктен, триатлончулардын Сенада сүзүү машыгуулары токтотулган.

Мындан улам, эркектер арасындагы турнир 31-июлга жылдырылып, ошол эле күнгө кыз-келиндер арасындагы мелдештер пландалууда. 2-август резервдик күн катары тандалган.