Жаңылыктар
Денис Петрашов 31-июлга караган түнү жарым финалга чыгат
Сууда сүзүү
Денис Петрашов 31-июлга караган түнү жарым финалга чыгат

Бүгүн, 30-июлда Париждеги Олимп оюндарында сууда сүзүү боюнча мелдеште кыргыз спортчусу Денис Петрашов брасс стилинде 200 метр аралыкка сүзүү боюнча жарым финалга чыкты.

Ал марага 2 мүнөт 10,99 секундда жеткен. Алдын ала сүзүүлөр боюнча 26 суучулдун арасынан 16 мыкты спортчу жарым финалга өттү, арасында кыргыз спортчусу Денис Петрашов да бар.

Жарым финал 30-июлдан 31-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:59да болот.

Эске салсак, 27-июль күнү Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыкка сүзүү боюнча 1 мүнөт 42 секундда марага жетип жарым финалга чыга алган эмес.

Олимпиада оюндарын УТРК СПОРТ телеканалында түз эфирде көрүңүздөр!