Жаңылыктар
Сак болууга чакырабыз, УТРК акция уюштурган жок
Кыргызстан жаңылыктары
Сак болууга чакырабыз, УТРК акция уюштурган жок

Соңку убакта социалдык тармактарда белгилүү блогер УТРК телеканалы менен биргеликте коомдук топ түзүп жатканы тууралуу жарыялар пайда болду. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. УТРК коомдук топ түзүп, акцияларды, оюндарды уюштурган жок.

Жасалма интеллектти колдонуп, жалган маалыматтарды таратып жаткан фейк аккаунттардан сак болуңуздар. Алар колдонуучуларды адаштырып, акча чогултуп, чөнтөгүңүзгө зыян келтириши ыктымал.

Бардык мекендештерди маалыматтарды расмий булактардан (УТРК, УТРК СПОРТ, АЛА ТОО 24, МАДАНИЯТ, МУЗЫКА, БАЛАСТАН телеканалдарынан жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларыбыздан) текшерүүгө жана жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз.

Алдамчылардын тузагынан сак болуңуздар!