Жаңылыктар
Олимпиада-2024: Денис Петрашов медаль үчүн күрөштөн четтеди
Сууда сүзүү
Олимпиада-2024: Денис Петрашов медаль үчүн күрөштөн четтеди

Бүгүн, 31-июлда Париждеги Олимп оюндарында сууда сүзүү боюнча мелдеште кыргыз спортчусу Денис Петрашов брасс стилинде 200 метр аралыкка сүзүүдө финалга чыга алган жок.

Ал 2 мүнөт 10,19 секундда марага жетип, 14-болуп келди.

Мелдешке катышкан 16 спортчунун 8и финалга өттү.

Кыргыз спортчусу менен бирге 2024-жылдын Дүйнө чемпиону кытайлык Дон Чжихао, Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси голландиялык Арно Камминга, Токиодогу Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү австралиялык Зак Стаблети-Кук жана башка спортчулар күч сынашты.