Жаңылыктар
Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам сойкулукту жана бузукулукту интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) атайын платформа (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу, көмөк көрсөтүү жана сойкулук менен алектенүү укукка каршы экендигин белгилөө жана аталган жосундар үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында кабыл алынган.

Алсак, көрсөтүлгөн Мыйзам төмөнкүлөрдү караштырат:

1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөк көрсөтүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү;

2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине сойкулук менен алектенүү үчүн жана порнографиялык мүнөздөгү аракеттерге интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) катышуу үчүн жоопкерчиликти белгилөөгө багытталган толуктоолорду киргизүү.