29-июлда УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев Россия Федерациясынан келген Н.М. Мартьянов атындагы Минусинск аймактык чөлкөм таануу музейинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Тараптар өз ара мамилелердин келечегин талкуулап, кызматташтык тууралуу меморандумга, Энесай кыргыздарынын тарыхы тууралуу телекөрсөтүү тартууну уюштуруу боюнча макулдашууга кол коюлду.
Маалымат үчүн: Н.М. Мартьянов атындагы Минусинск аймактык чөлкөм таануу музейи Минусинск шаарында 1877-жылы негизделген. Сибирдеги жана Ырааккы Чыгыштагы программасы жана уставы бар биринчи музей болуп эсептелет. Ал уникалдуу маданий мураска ээ. Анын имараты XIX, XX кылымдын башына таандык архитектуралык эстеликке кирет. Музей хакас этносуна жана Энесай кыргыздарына таандык кызыктуу этнографиялык коллекцияны камтыйт.