Жаңылыктар
Олимпиада-2024: Эрлан Шеров атаандашы менен 2023-жылы күч сынашып, жеңишке жеткен
Дзюдо
Олимпиада-2024: Эрлан Шеров атаандашы менен 2023-жылы күч сынашып, жеңишке жеткен

Бүгүн, 31-июлда Олимпиадада дзюдочу Эрлан Шеров 1/16 финалда кубалык Иван Фелипе Силва Моралес менен беттешет.

Кубанын 27 жаштагы спортчусу дүйнөлүк рейтингде 10-орунда турат жана быйыл март айында Австрияда Гран-прини жеңген.

Панамериканын 5 жолку чемпиону жана Чоң шлем мелдешинде коло медалга ээ болгон.

Моралес Олимпиада оюндарына 3-ирет катышууда. Рио-де-Жайнеродо жана Токиодо өткөн Олимп оюндарында биринчи айлампада эле утулган.

Спорттук карьерасында 2 жолу кыргызстандык спортчулар менен беттешкен. 2015-жылы Минскте кыргыз дзюдочусу Владимир Золоевди жеңип алган. Ал эми 2023-жылы Мастерс турниринде Эрлан Шеровго жеңилген.