Жаңылыктар
“Жалал-Абад” аэропорту эмдиги жылы курулуп баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
“Жалал-Абад” аэропорту эмдиги жылы курулуп баштайт

“Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу эмдиги жылы башталат. Бул тууралуу “Манас эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов маалымат жыйынында билдирди.

Айтымында, аба майданын шаардын сыртына чыгаруу чечими кабыл алынып, 300 гектар жер бөлүнүп берилген.

“Азыркы аэропорт шаардын ичинде болгондуктан аянтын кеңейтүүгө мүмкүн эмес. Учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Эмки жылы жаңы аэропорттун курулушу башталат”,-деди ал.