Жаңылыктар
Олимпиада-2024: Эрлан Шеров 1/8 финалга өттү
Дзюдо
Олимпиада-2024: Эрлан Шеров 1/8 финалга өттү

Кыргызстандык Эрлан Шеров Париждеги Олимп оюндарын жеңиш менен баштады.

Ал 31-июлда дзюдо боюнча мелдешке 90 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалда беттешти.

Шеровдун алгачкы атаандашы 5 жолку Панамерикалык чемпион, кубалык Иван Фелипе Силва Моралес болду.

Кыргызстандык аны алтын упай менен жеңип, 1/8 финалга өттү.